super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Оштогу Гүлчө айылына шаар статусу бериле турганын айтты

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылында XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын урматына арналган майрамдык иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүгүн биз мына ушундай атагы азыркы заманга дайын, даңкы дагы далай кылымдарды карыта турган, журт түптөп, эл баккан, кыргыз элинин элдүүлүгү, эгемендиги үчүн күрөшкөн тарыхый инсан, чыгаан саясий жана мамлекеттик ишмер – Алымбек датка атабыздын 225 жылдык мааракесин сыймыктануу менен белгилеп отурабыз. Мен атпай кыргыз журтчулугун бүгүнкү Алымбек датка Асан бий уулунун мааракелик тою менен чын дилимден куттуктайм!

Мыкты уюштуруучу, алысты көрө билген көсөм жана кеменгер Алымбек датка менен анын мында отурган түздөн-түз урпактары гана эмес, жамы кыргыз журтчулугу баарыбыз сыймыктанабыз.

Жөн гана сыймыктанып тим болбостон, датка атабыздын өмүр таржымалын, мамлекеттик ишмер катары кыргыз тарыхындагы ээлеген ордун, мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү ат көтөргүс эмгегин даңазалоо, келечек муунга жеткирүү жалпыбыздын милдетибиз деп билебиз.

Мындай сыймыктуу миссияны ишке ашыруу максатында республикабызда илимий конференциялар, маданий жыйындар жана башка бир топ иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бүгүн болсо ушул иш-чаралардын кульминациялык бөлүгүн – Алымбек датканын 225 жылдык мааракесин датка атабыз мекендеген, далай тарыхый окуялардын чордону болгон айтылуу Алай өрөөнүндө чоң салтанат менен белгилеп жатабыз", -деди Жапаров.

Андан соң өлкө башчы Алымбек датканын Кокон хандыгындагы саясий ишмердүүлүгү тууралуу баяндап, Алайдын кооз жаратылышы, бийик тоолору, мөңгүлөрү, суулары, кен байлыктары ондогон кылымдардан бери кыргыз элинин сыймыгы экенин баса белгиледи.

"Бүгүнкү күндө Алай районунда ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор акыркы жылдары өлкөбүздө аймактарды өнүктүрүү саясатынын ар тараптуу ишке ашып жатканынан кабар берет.

Ушул салтанаттуу мүнөттөрдө дагы бир жагымдуу жаңылык менен бөлүшкүм келип турат: Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырдым. Андан сырткары өлкөбүздүн Турукташтыруу фондунан Гүлчөнүн инфратүзүмүн өнүктүрүүгө, көчөлөрүн толук асфальттап бүтүрүүгө 500 миллион сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алдым.

Мунун баары — мамлекетибиздин ар бир аймагын, анын ичинде Алай районун да өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттын жемиши", - деди өлкө башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: