super.kg logo

Жалал-Абадда жасалма документтерди даярдоо жана сатуу менен алектенгендер кармалды (фото, видео)

 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Сузак районунун Б.У.Э., Г.И.А. жана Р.M.M. аттуу тургундары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, жогоруда аталган адамдардын мамлекеттик маанидеги документтерди, атап айтканда, паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, айдоочулук күбөлүктөрдү, орто жана жогорку билими тууралуу күбөлүктөрдү акчалай сый акы алуу үчүн даярдоо жана сатуу менен алектенгени аныкталган.

Тинтүү иштеринин натыйжасында коргоо белгилерин камтыган жасалма паспорттор, айдоочулук күбөлүктөр, ар кандай багыттагы башка күбөлүктөр, жасалмалоо белгилери бар документтер, ошондой эле нотариалдык ишеним каттардын бош нускалары, жарандардын туулгандыгы жана нике тууралуу күбөлүктөрү, ошондой эле атайын техникалык жабдуулар табылган.

Коргоо элементтери жана суу белгилери бар документтердин айрымдары чет мамлекетте даярдалып, өлкө аймагында сатылганы белгилүү болду.

Кармалган жарандар УКМКнын тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камакка алынып, тергөө иштери уланууда.






Жалал-Абадда жасалма документтерди даярдоо жана сатуу менен алектенгендер кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: