super.kg logo

Шотландиядагы университетте жаныбарлар үчүн "акылдуу интернет" түзүлүүдө

 

Глазго университетинин окумуштуулары жакынкы жылдары иттер менен мышыктар өз ээлерине телефон аркылуу чалуусу үчүн жаңы долбоор үстүндө иштеп жатышат. Алар жаныбарлар менен байланыштын революциялык системасын түзүүнү көздөп, чыныгы "жаныбарлар үчүн интернетти" иштеп чыгышууда.

Изилдөөчүлөрдүн тобу бул багытта 4 жылдан бери иштеп келет. Учурда DogPhone аттуу атайын аппарат сыноодон өтүүдө. Анда ит оюнчукту кармаса, видеобайланыш автоматтык түрдө ишке кирет. Ошондой эле тоту куштар үчүн атайын сенсордук экрандар иштелип чыгууда, алардын жардамы менен тоту куш ээси менен баарлаша алат.

Жаңылыктар зоопарктар үчүн да колдонулат. Мисалы, маймылдар өздөрү эле үндөрдү, жыттарды же видеону кошо алышат.

Бул долбоорду өнүктүрүү үчүн 1,5 миллион евролук грант берилген. Сыноолор ийгиликтүү аяктагандан кийин жаныбарлар үчүн интернет дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде колдонулары күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: