super.kg logo

Санкт-Петербург шаарындагы "Бириккен маданияттар форумунун" пленардык жыйыны өттү 

 
Кечээ, 12-сентябрда "Царское Село" мамлекеттик музей-коругунун Екатерина сарайында “Бириккен маданияттардын XI эл аралык форумунун” пленардык жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Форумга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев да катышты.
Катышуучуларга Орусиянын президенти Владимир Путин кайрылып, саламдашуу сөзүн сүйлөдү. Ал өз кайрылуусунда маданияттын бириктирүүчү жана жаратуучу күчкө ээ экенин белгилеп, быйылкы форумдун урааны — "Маданиятка кайрылуу – кеңири мүмкүнчүлүктөр" — мамлекеттер жана элдер ортосундагы диалогду өнүктүрүү зарылдыгын чагылдырганын баса белгиледи.
Путин улуттук маданияттар бири-бири менен өз ара аракеттенгенде гана өнүгө турганын, азыркы дүйнө болсо салттарды сактоо менен жаңы таасирлерге ачык болуунун тең салмактуулугун талап кыларын айтты. Ошондой эле ал үй-бүлөнүн ролуна, жаштарга колдоого, маданияттын аймактык борборлорун өнүктүрүүгө жана эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурду.
Владимир Путин ошондой эле эл аралык музыкалык "Интервидение" сынагы кайрадан жандана турганын жарыялады. Бул сынак элдердин чыгармачылык алмашуусу жана достугун чыңдоо аянтчасы болору белгиленди.
Эске сала кетсек, "Интервидение – 2025" эл аралык музыкалык сынагында Кыргызстандын атынан "Номад" триосу катышмакчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: