super.kg logo

Мыйзамсыз менчиктештирилген темир жол тилкеси мамлекетке кайтарылды (фото)

 

УКМК "Кызыл-Кыя көмүр" акционердик коому тарабынан темир жол тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү жана мамлекеттик менчиктен чыгаруу фактысын аныктады.

Аталган мекемеден билдиришкендей, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2004-жылдагы чечими менен жалпы аянты 10 860 гектар болгон темир жол (курулмалары жана техникалары менен), ошондой эле жалпы аянты 11 131 чарчы метр болгон 1,3 гектар бала бакчанын имараты жана Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Булуң айылында жайгашкан 937,2 чарчы метр аянттагы балдар лагеринин имараты акционердик коомдун балансына өткөрүлүп берилген.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган объекттер мамлекеттин менчигине кайтарылган.

УКМК мурда мыйзам бузуу менен мамлекеттик менчиктен чыгарылып, мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана кайтаруу иштерин улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: