Кичүүсү эки жашта болгон. Чүйдө эки баласын өлтүрүүгө шектелип апасы кармалды
Кечээ, 12-сентябрда болжол менен саат 19:28де Чүй району ИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Чүй районундагы үйдөн эки кичинекей баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Бул факты катталып, териштирүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда, үйдөн бычактан жараат алган эки баланын, тагыраагы, 2013-жылы туулган Д.Э. аттуу кыздын жана 2023-жылы туулган Ш.М. аттуу баланын сөөгү табылган.
Бул факты боюнча Чүй облусунун ИИББи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары каза болгон балдардын энеси М.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Балдардын сөөгү Токмок шаардык ооруканасынын моргуна жеткирилди, иштин алкагында тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Иш боюнча тергөө амалдары улантылууда.





