super.kg logo

Зидан Франциянын улуттук курамасын жетектейт

 

Франция курама командасынын Дүйнө жана Европа чемпиону, мадриддик "Реалдын" мурдагы башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан Франция курама командасы менен келишим түзөт. Бул тууралуу El Nacional жазды.

Маалыматка ылайык, Зидан 2026-жылкы дүйнө чемпиондугу аяктагандан кийин Дидье Дешамдын ордуна келет.

2016–2018 жана 2019–2021-жылдары Зидан мадриддик "Реалды" жетектеп, анын жетекчилиги астында аталган клуб үч жолу Чемпиондор Лигасын, бир жолу Испания чемпиондугун жана эки жолу Улуттук Суперкубокту жеңишкен.

Жозе Моуринью "Фенербахчеден" кеткенден кийин түрк басылмаларында "Зидан португалиялык машыктыруучунун ордун ээлейт" деген маалыматтар тараган. Бирок бул маалымат чындыкка дал келбей турганы жана француз машыктыруучу мындай вариантты карап көрбөгөнү кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: