super.kg logo

Рамзан Кадыров улуу кызы саясаттан кеткендигин билдирди

 

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров улуу кызы Айшат Кадырованын саясаттан кетүү чечимин колдогонун билдирди. Кадыровдун айтымында, бул аялдын иши эмес.

Кадыров кызы өз каалоосу менен Чеченстандын өкмөтүндөгү вице-премьерлик кызматтан кетүүнү суранганын жана ага макулдугун бергенин кошумчалаган.

"Азыр ал мода менен гана алектенбейт. Анын башка бизнес-проекттери бар, аларды ал мыкты алып барат. Айта кетсек, саясаттан Айшат эле эмес, дагы эки кызым да кетти", — деди Кадыров.

Чеченстандын лидеринин тун кызы 1998-жылдын 31-декабрында туулган. Ал Чечен мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. 2021-жылдын октябрь айында Айшат Кадырова Чеченстандын маданият министри болгон, ал эми эки жыл өткөн соң Кадыров кызынын вице-премьерликке талапкерлигин жактырган.

2025-жылдын февраль айынын аягында Кадырова вице-премьерлик кызматтан кетерин жарыялап, апасы негиздеген мода үйүнө кайтарын билдирген. Айшат белгилегендей, өкмөттөгү кызмат ал үчүн маанилүү тажрыйба болгон, бирок мындай иш "күчтүү эркекке ылайыктуу".

Ал саясатта эмес, бизнес кылуу менен көбүрөөк пайдалуу боло аларын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: