Балыкчыда бош үйдө баңгизат сактап жүргөн шектүү кармалды (видео)

Иликтөөнүн жүрүшүндө мурда сот жообуна тартылган, 1987-жылы туулган М.М. аттуу жергиликтүү тургун кара куурай (баңгизат) затын кургатып жаткан жеринен кармалды. Жалпысынан алынган баңгизаттын салмагы 20 килограммды түзүп, далил зат катары алынган.
Факты Балыкчы ШИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү маалында шектүү жаран аталган баңгизатты, көптөн бери ээлери жашабаган кошунасынын үйүндө сактап жүргөнү аныкталган. Белгилүү болгондой, үйдүн мыйзамдуу ээси буга чейин башка шаарга көчүп кеткени аныкталган.
Алдын ала тергөө учурунда М.М. өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Балыкчы шаардык соттун чечими менен ага карата тергөөнүн аяктоосуна чейин камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
Балыкчыда бош үйдү баңгизат сактоого айланткан шектүү кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-09-13

16:52
2025-09-12

10:34
2025-09-12

10:26
2025-09-12

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.