super.kg logo

Аргентина Украинага куралдуу күчтөрүн жөнөтүүгө даяр

 

Аргентинага тиешелүү өтүнүч түшсө, анда Украинага куралдуу күчтөрүн жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. Бул тууралуу Орусиядагы Аргентинанын элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейра билдирди.

"Эгерде Украинада коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аргентиналык аскерлер талап кылынса, президент ал мүмкүнчүлүктү сөзсүз түрдө карап чыгууга даяр болот", — деди дипломат.

Элчинин айтымында, Аргентинанын президенти Хавьер Милей аймакта тынчтык орношун жана карама-каршылыктарды күч колдонбостон чечүүнү каалайт. Виейранын пикиринде, буга БУУ сөзсүз түрдө катышышы керек.

4-сентябрда Парижде «Каалоочулардын коалициясы» деп аталган топко кирген 30дан ашык өлкөнүн лидерлери жолугушкан. Жолугушуунун негизги максаты Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерин акыркы ирет макулдашуу болду.

Жыйынтыгында Франциянын президенти Эммануэль Макрон 26 өлкө ок атышууну токтоткондон же тынчтык келишимине жетишилгенден кийин Украинага өз аскерлерин жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: