Тайырбек Жумашбек уулу чейрек финалга чыкты (видео)
Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Хорватияда өтүп жаткан дүйнөлүк күрөш боюнча чемпиондуктун чейрек финалына чыкты.
Ал эркин күрөш боюнча турнирде 61 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдан баштаган.
Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Йемендин өкүлү менен килемге чыгып, биринчи бөлүктө эле туше ыкмасы менен жеңишке жетти.
1/8 финалда Жумашбек уулу 2023-жылдагы Азия чемпиону (U-20) индиялык Удит менен беттешип, таймашты 2:0 эсебинде жеңип алды.
Муну менен кыргызстандык спортчу 1/4 финалга чыгып, эми америкалык балбан Жаксен Патрик Форрест менен күч сынашат.
Буга чейин Эрназар Акматалиев 1/8 финалда жапон балбанына утулса, Мухаммад Абдуллаев алгачкы беттешинде ирандык атаандашына жеңилип калган.
Тайырбек Жумашбек уулу чейрек финалга чыкты
