super.kg logo

Ким Чен Ын "гамбургер", "балмуздак" жана "караоке" деген сөздөргө тыюу салды

 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөдө "гамбургер", "караоке" жана "балмуздак" деген сөздөрдү колдонууга тыюу салды. Бул чечим аларды улуттук түшүнүктөр менен алмаштырууга байланыштуу экенин The Sun жазды.

Тактап айтканда, "гамбургер" сөзү "дадзин-гоги-гёппан" (фарш салынган кош нан) деп өзгөртүлөт. "Балмуздак" ордуна "эсыукимо" деп, ал эми караоке-аппараттар "экрандык коштомо машиналары" деп атала баштайт.

The Sun маалыматына караганда, Вонсан курортунда орусиялык жана кытайлык туристтерди кабыл алган гиддерге Батышта жана Түштүк Кореяда кеңири таралган англисче сөздөрдү колдонбоо сунушталды. Азыр болжол менен 20–30 гид атайын интенсивдүү окуудан өтүп, түндүк кореялык лексикага көнүп, чет тилден алынган сөздөрдү колдонбоону үйрөнүп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: