super.kg logo

Мамбеталиев ШКУ өлкөлөрүнүн маданият ишмерлеринин жолугушуусунда сөз сүйлөдү 

 
Санкт-Петербург шаарында өткөн XI Эл аралык бириккен маданияттар форумунун алкагында Орусиянын маданият министри Ольга Любимованын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий маданият өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жыйында «ШКУдагы маданий кызматташтык: 25 жылдык биримдик жана чыгармачылык» темасы талкууланды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, Кыргызстан үчүн ШКУга төрагалык кылуу жана Чолпон-Ата шаарына 2025–2026-жылдарга карата ШКУнун туристтик жана маданий борбору макамын ыйгаруу чоң сыймык болуп саналат.
Ал маданият улуттарды бириктирген көпүрө экенин баса белгилеп, Кыргызстан маданий диалогду, гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы ишенимди чыңдоого салым кошууга даяр экенин билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: