Кыргызстанда кайсы президенттин тушунда канча алтын казылган? Тизме (видео)

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков 1997-жылдан бери өлкөдө канча алтын казылганын жана анда Кыргызстандын үлүшү канча болгонун жарыялады.
Орунбековдун маалыматы боюнча, 1997-жылдан 2025-жылга чейин өлкөдө 469,4 тонна алтын казылып алынган. Мурдагы президенттер тушунда алтындын баары чет элдик компанияга чыгып кеткен, Кыргызстанга алтын калган эмес.
"Президент Садыр Жапаровдун тушунда алтын толугу менен Кыргызстанда калып, мамлекетке олуттуу киреше түшүп жатат", - деди Орунбеков.
Кумтөрдөн казылган алтын жана андан түшкөн киреше (1997–2025-жылдары)
1. Аскар Акаев (1997–2005)
• Казылган алтын: 157,7 тонна
• Жалпы киреше: 1 миллиард 620 миллион доллар (чет элдик компанияга кеткен)
• Кыргызстанга үлүш: 0
2. Курманбек Бакиев (2005–2010)
• Казылган алтын: 68 тонна
• Жалпы киреше: 1 миллиард 416 миллион доллар (чет элдик компанияга кеткен)
• Кыргызстанга үлүш: 0
3. Роза Отунбаева (2010–2011)
• Казылган алтын: 17,7 тонна
• Жалпы киреше: 703 миллион 752 миң доллар (чет элдик компанияга кеткен)
• Кыргызстанга үлүш: 34,4 миллион доллар
4. Алмазбек Атамбаев (2011–2017)
• Казылган алтын: 97,6 тонна
• Жалпы киреше: 5 миллиард 195 миллион доллар (чет элдик компанияга кеткен)
• Кыргызстанга үлүш: 43,5 миллион доллар
5. Сооронбай Жээнбеков (2017–2020)
• Казылган алтын: 70,4 тонна
• Жалпы киреше: 3 миллиард 141 миллион доллар (чет элдик компанияга кеткен)
• Кыргызстанга үлүш: 23,7 миллион доллар
6. Садыр Жапаров (2021–2025)
• Казылган алтын: 57,9 тонна
• Кыргызстанга жалпы киреше:
• 3 миллиард 445 миллион доллар
• 441 миллион доллар дивиденд
• Казылган алтындын толук кирешеси Кыргызстанда калды
Орунбеков Акаевдин учурунан бери канча алтын казылганын жарыялады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-09-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.