Лондондо ири нааразычылык акциясы өтүп, ага 3 миллиондон ашык адам катышты (видео)
Британиялык активист Томми Робинсон кечээ, 13-сентябрда Лондондо өткөн акцияга үч миллион адам чыкканын билдирди.
"Лондондун борборунда үч миллиондон ашык адам көчөгө чыгып, патриотизмдин болуп көрбөгөн күчүн көрсөттү. Бул болгону башталышы", — деп жазды Робинсон өзүнүн Telegram каналында.
Томми Робинсондун «Падышалыкты бириктирели» аттуу акциясынын катышуучулары ишемби күнү эртең менен Рассел-сквер аянтында чогулуп, андан кийин өкмөт кварталы Уайтхолл тарапка жөнөшкөн. Демонстранттар премьер-министр Кир Стармерге каршы ураандарды кыйкырышкан. Алар өкмөттүн миграциялык саясатын жана сөз эркиндигин чектөө деп эсептеген кадамдарын сынга алышкан.
Бирок Лондондун полициясы Guardian гезитине берген билдирүүсүндө көчөгө болжол менен 110 миңдей адам чыкканын билдирди.
Буга чейин Робинсон бул акцияны "сөз эркиндигинин майрамы" деп атаган.
Лондондо ири нааразычылык митингине 3 миллиондон ашык адам катышты
