super.kg logo

Оштогу Кең-Сай массивинде сугат суу чыкты (фото)

 
Оштогу Кең-Сай массивин сугат суу менен камсыз кылуу максатында курулган Жапалак айылындагы суу насостук станциясы 15 жылдан ашуун убакыттан бери иштетилбей, таштанды жерге айланып, каралбай жаткан. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин аракетинин арты менен станция толук оңдолуп бүгүн ишке киргизүү алдынан сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Мэр Жеңишбек Токторбаев станциянын тетиктери толук жаңыдан алмаштырылып, жарактуулары оңдоп түзөөдөн өткөнүн, ишке берүү алдынан сыноо иретинде иштетилип, бөлүштүрүүчү кампага суу берилип жатканын билдирди. Эми бул жерден жаңы конуштагы жалпы 600 гектардан ашуун жерге суу бөлүштүрүлүп, жеткирилет.
Эске салсак, Ош шаарынын 3000 тургуну үчүн Кең-Сайдан 800 гектар жер тилкеси турак-жай курууга мындан 15 жыл мурун бөлүнгөн. Бирок зарыл шарттардын жоктугунан улам калктын көчүп келиши кечеңдеп келген. Эми Кең-Сай массиви жашоого ыңгайлаштырылып, суугат жана ичүүчү суу тартылып, электр подстанциясы оңдолду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: