Бишкекте медиа өкүлдөрү арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү (фото)





















Кечээ, 13-сентябрда Бишкекте медиалар арасында кичи- футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Анда Кыргызстандагы алдыңкы маалымат каражаттарынын журналисттери "Евразия кубогун" утуп алуу үчүн футбол талаасына чыгышты. Турнирди "Евразия KG" коомдук фонду уюштурду.
Иш-чаранын максаты эң күчтүү команданы аныктоо гана эмес, журналисттерди да бириктирүү болду. Алар жаңылыктарды гана эмес, спорттук таймаштарда да жеңиш үчүн күрөшө ала турганын далилдешти.
Турнирге SUPER.KG порталынын кызматкерлери, "7-канал", Sputnik, ЭлТР, УТРК, УТРК-2, "Илим билим", Маданият министрлигинин командасы, "Кабар" агенттиги , "Кыргыз спорт ТВ" болуп, жалпы 10 команда катышты.
Оюндун башталышында катышуучуларды "Евразия KG" коомдк фондунун директорунун орун басары Ренат Айтымбетов куттуктады.
Оюндун байге фонду 100 миң сом болду. Командалык байгелерден сырткары "Эң мыкты бомбардир", "Эң мыкты коргоочу" жана "Эң мыкты дарбазачы" сыяктуу үч жеке номинация боюнча да сыйлыктар тапшырылды.
Оюндун жыйынтыгы боюнча:
1-орун — ЭлТР (50 миң сом);
2-орун — "Кыргыз спорт ТВ" (30 миң сом);
3-орун — Маданият министрлиги (20 миң сом).
