Эркин күрөш: Бүгүн Кыргызстандын атынан эки балбан килемге чыгат
Бүгүн, 14-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун экинчи күнүндө эркин күрөш боюнча мелдештер уланат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, балдандар бүгүн 57, 74 , 79 жана 92 килограмм салмак категориялары боюнча килемге чыгышат. Бүгүн Кыргызстандын атынан эки балбан күрөшөт.
57 килограмм салмак категориясында Бекзат Алмаз уулу канадалык балбан Гаррет Саундерс менен күрөшөт. Ал эми 74 килограмм салмак категориясында Орозбек Токтомамбетов мексикалык балбан Кристиан Перес менен күч сынашат.
Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.