Евробиримдик Орусияга карата санкцияларды кийинки жылдын март айына чейин узартты
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро билдиргендей, Орусияга карата жаңы чектөөлөрдүн пакети 15-сентябрда жарыяланат. Барро бул чектөөлөр Орусияга жана анын лидери Владимир Путинге кысымды күчөтүү максатында иштелип чыкканын баса белгиледи.
Чектөөлөр 2,5 миңден ашык жаранга жана юридикалык жактарга карата иштелип чыккан.
Ошол эле учурда Евробиримдик Орусияга карата жеке санкцияларды узартууда бир адамга болгон чектөөнү алып салган, ал жөнүндө маалымат расмий журналда жарыялангандан кийин маалымдалат.
"Санкциялардын алкагында Европа Биримдигинин Кеңеши бир адамга чектөөлөрдү узартпоо жана бир каза болгон адамды тизмеден чыгаруу чечимин кабыл алды", – деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:12
2025-09-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.