super.kg logo

Мээрим Төлепберген: "Мирбектин аялы болуп туулган эмесмин, өзүмдүн атым бар"

 

Белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун мурдагы жубайы, блогер Мээрим Төлепберген "Айтчы" подкастына маек берди. Анда Төлепберген Атабеков менен болгон мамилеси тууралуу айтты.

"Эл менин атымды да билишчү эмес. Мага "Мирбектин аялы" деп кайрылышчу. Кимдир бирөөлөр үчүн мен дароо эле Мирбектин жубайы болуп төрөлгөндөй болчумун. Бул мага жакчу эмес. Мен анын аялы болуп туулган эмесмин, менин да жакшынакай Мээрим деген атым бар, өзүмдүн тарыхым бар. Мирбекке байланыштуу айтсам, мен аны аябай сыйлайм, ал аябай таланттуу адам", - деди блогер.

Ошондой эле Мээрим Төлепберген кайсы бир учурда ырчы мырза менен бири-бирин түшүнбөй баштаганын билдирди.

"Кайсы бир учурда биз бири-бирибизди түшүнбөй баштадык. Бизде пикир келишпестиктер башталды. Ага сөзүн уккан, баш ийген, аны колдогон аял керек болчу. Мен деле ошондой болчумун, ошондой боло бермекмин. Мен деле бул жакта бир нерселерди жасап, ары жакта аны колдоп жетишмекмин. Болгону мени баалаганын, сыйлаганын кааладым. Кайсы бир учурда бул ыңгайсыз боло баштады", - деп айтты Төлепберген.

Ошондой эле ал Атабеков менен балдарына жакшы ата-эне болууга аракет кылып жатышканын кошумчалады.

Эске салсак, Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлепберген 2014-жылы баш кошушкан. Жубайлардын ортосунда бир уулу жана 2 кызы бар. 2023-жылы түгөйлөр эки башка жолго түшүшкөнүн жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: