Шашылыш билдирүү: Өлкөдө жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт
16–18-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, күн күркүрөйт, тоо кыркаларында кар түшөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда ӨКМ билдирди.
Маалым болгондой, абанын температурасы 16–18-сентябрда:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,
- Талас жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,
- Ысык-Көлдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,
- Нарын облусунда түнкүсүн+2…+7, күндүз +16…+21 градус болот.
Ал эми тоолуу райондордо түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14 градус болсо, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз +1…+6 градуска жылыйт.
Мекемеден билдиришкендей, мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдаштырып, малды жайытка чыгарып кармоого да тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-09-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.