super.kg logo

"5 баласы бар". Эки баласын өлтүрүүгө шектелген аялдын үй-бүлөсү тууралуу айтылды

 

12-сентябрда Ак-Бешим-2 айылында трагедиялуу окуя катталды. Анда эки баласынын, тагыраагы, 2013-жылы туулган кызы менен 2023-жылы туулган уулунун өлүмүнө шектүү катары энеси кармалды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул үй-бүлөдө дагы үч бала бар. Учурда алар атасы менен чогуу, балдарды багууда жана тарбиялоодо атасынын эжеси да колдоо көрсөтөт.

Министрликтин райондук башкармалыгынын кызматкерлери тергөө органдары менен биргеликте дароо окуя болгон жерге чыгып, балдардын коопсуздугун камсыздап, зарыл камкордук чараларын көрүшкөн.

Белгилей кетсек, буга чейин бул үй-бүлө оор жашоо кырдаалында турган үй-бүлө катары каттоого алынган эмес.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар шектүүнүн 34 жашта, жолдошу болсо 40 жашта экенин жазышкан. Ошондой эле шектүүнүн эң кичинекей баласы 6 айлык экени да кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: