Эрназар Акматалиев дүйнө чемпиондугунда коло медаль алды
Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев Хорватияда (Загреб шаары) өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, спортчу 70 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Кыргыз балбаны 1/16 финалдык айлампада Чилиден келген Хорхе Хинриксенди 10:0 эсебинде утту. Ал эми 1/4 финалга чыгуу үчүн болгон беттеште жапон балбаны Ёшиносуке Аоягиге 0:10 эсебинде утулуп калды. Аягында жапон спортчусу финалга чыккандыктан, Эрназарга көңүл жубатуучу таймашта 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Көңүл жубатуучу беттеште балбан Венгриядан келген Исмаил Мусукаевди 14:4 эсебинде жеңсе, коло байге үчүн болгон таймашта армениялык Арман Андреасянды 8:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпиондугунун коло медалына ээ болду.
Эрназар Акматалиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.