super.kg logo

Камчыбек Ташиев Токтогулдагы стадионду ачты (сүрөт)

 
Кечээ, 14-сентябрда Токтогул шаарында жаңыланган Эргеш Ормонов атындагы стадиондун ачылыш аземи орун алып, ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.
"Биздин күчүбүз - биримдикте, биздин келечегибиз - жаштарда. Бул стадион спорт аркылуу улутубузду чыңдоого, достукту бекемдөөгө жана Кыргызстаныбыздын кадыр-баркын көтөрүүгө кызмат кылат! Мекенге берилгендик менен ойной турган футболчулар ушул жерден өсүп чыгып, кыргыз футболунун даңкын дүйнөгө таанытаарына ишенимим чоң",- деп белгиледи Ташиев.
КФБ билдиргендей, ачылыш аземде өлкөнүн Улуттук лигасынын "Токтогул" - "Базар-Коргон" футболдук клубдарынын беттеши орун алды.
Маалымат үчүн: Азыркы заманбап стадиондун аймагында буга чейин орун алган стадион 1980-жылы СССРдин борбору Москва шаарында өткөн Олимпиаданын урматына курулган. Кийинчерээк бул объектке Эргеш Ормоновдун ысымы берилген.
Көп жылдар бою стадион комплекстүү оңдоп-түзөөдөн өтпөй, эскиликке жеткен. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин 2024-жылдын май айындагы Токтогул шаарына болгон иш сапарынын алкагында бул стадионду толук реконструкциядан өткөрүү чечими кабыл алынган. Бул кыска аралыктын ичинде заманбап спорттук арена тургузулду.
Стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 2,0 гектарды түзөт. Ал 3450 көрүүчүгө ылайыкталган.
Стадиондо кийим алмаштыруучу бөлмө, мелдештерди өткөрүү үчүн бир нече функционалдык жана административдик бөлмөлөр, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү жана калыстар үчүн жана VAR-системи үчүн бөлмөлөр орун алды.
Оюн талаасын чуркоо аянтчасы курчап турат. Ал эми стадиондун өзү жарык берүүчү заманбап шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди жана иш-чараларды кечки убакытта да өткөрүүгө шарт түзүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: