super.kg logo

Коргоо министрлигинин эки өкүлү кармалды

 

Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча окуу батальонунун командиринин орун басары, майор Б.М.М. жана окуу батальонунун 2-ротасынын 1-взводунун командири, лейтенант К.А.Б. пара алуу фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда УКМК билдирүү таратты.

"Шектүүлөр Кой-Таш аскер бөлүгүндө жайгашкан мобилизациялык резервдин окуусунан өтүп жаткан чакырылуучулардан мыйзамсыз кыска мөөнөттүү өргүү, бөлүктөн уруксатсыз чыгуу мүмкүнчүлүгү жана уюлдук телефон колдонуу түрүндөгү айрым жеңилдиктерди берүү үчүн акча талап кылуунун системдүү схемасын уюштурган. Бул кызматтары үчүн кызматкерлер 1000 сомдон 50 000 сомго чейин акча алышкан",- деп жазылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 342-беренеси "Пара алуу" боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр милициянын майору Б.М.М. жана лейтенант К.А.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда өлкөнүн коргоо мекемесинде коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






15.09.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: