Ташиевдин Токтогулдагы бир катар убадасы элдин кол чабуусуна арзыды (видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Токтогул шаарында жаңыланган Эргеш Ормонов атындагы стадиондун ачылыш аземинде жергиликтүү тургундарга бир катар убадаларды берди.
Ал аймакка стадионду ачыш үчүн гана эмес, президенттин тапшырмасы аркылуу райондогу көйгөйлүү маселелерди аныкташ үчүн келгенин, андыктан аймакты кыдырып, бир катар көйгөйлөр менен жеринен таанышканын билдирди.
"Биринчиден, Токтогул районуна жаңы оорукана салабыз. Экинчиден, реабилитациялык борбор курабыз. Үчүнчүдөн, 2019-жылдан бери бүтпөй келе жаткан мектеп бар экен, биз ошол жерге 750 орундуу мектеп салып беребиз. Токтогул шаарынын көчөлөрүн толук бойдон асфальттайбыз. 750 орундуу мектептин жанына 150 орундуу бала бакча кошуп курабыз",- деди Ташиев.
Атайын кызматтын башчысы берген убадаларга жергиликтүүлөр кубана кол чабышты.
Ташиевдин Токтогулдагы бир катар убадасы элдин кол чабуусуна арзыды
