super.kg logo

"Желим баштык, кагаз жайнайт". Окурман Төө-Ашуудагы таштандылар боюнча айтты

 

SUPER.KG медиа порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурман Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда таштандылар тууралуу айтып, жарандарды жаратылышты таза кармоого чакырды.

"Төө-Ашууда жайгашкан панораманын жан-жакасы баары таштандыга толуп калган. Тоонун капталында түрдүү түстөгү желим баштыктар, кагаз салфеткалар, бөтөлкөлөр, чылымдын калдыктары жайнайт. Тоо чокусунда ушундай таштандыларды ыргытып кетүү адепке жатпай турган көрүнүш.

Бул жайга чет өлкөдөн келген туристтер сөзсүз токтоп, табиятка суктанып өтүп турушат.

Айдоочулар, жүргүнчүлөр дагы жол бою таштандыларды ыргытпаса, өзүбүздүн мекенибизге өзүбүз күйүп, тазалыкты өзүбүз сактабасак, башка бирөө келип, барктап бермек беле.

Президентибиз жаратылышты таза сактоого үгүттөп, байма-байма жарандарга кайрылууларды жасап келет",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






15.09.25

Окурман Төө-Ашуудагы таштандылар боюнча айтты

Окурман Төө-Ашуудагы таштандылар боюнча айтты

Окурман Төө-Ашуудагы таштандылар боюнча айтты

Окурман Төө-Ашуудагы таштандылар боюнча айтты

Окурман Төө-Ашуудагы таштандылар боюнча айтты

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: