АКШ президенти Трамп Венесуэлага кайрадан эскертүү берди
АКШ президенти Дональд Трамп Кариб деңизинде Венесуэла менен болгон чыңалуу жана баңгизаттарга каршы күрөш тууралуу айтып, бул өлкөнүн деңиздеги объекттерине жаңы чабуулдар болушу мүмкүн экенин кыйытты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, ал Кариб деңизинде "баңгизаттарга каршы" жайгаштырылган америкалык аскердик кемелер ишин улантарын билдирди. Трамп Венесуэладан АКШга көп өлчөмдө баңгизат жана кылмыштуу топтордун мүчөлөрү келүүгө аракет кылып жатканын айтып, аларды чек арада токтотуп жатканын белгиледи.
Трамп Венесуэлага түздөн-түз чабуул мүмкүнчүлүгү боюнча так жооп берген жок, бирок Карибде баңгизатка байланыштуу кайыктар аныкталган сайын соккулар улантыларын айтты.
Буга чейин АКШ Венесуэла жээктерине бир нече согуш кемесин жөнөткөн, ал эми президент Николас Мадуро өлкөдө 4,5 миллион элдик милицияны мобилизациялап, коргонууга даяр экенин билдирген.
