"Интервидение-2025" сынагы 20-сентябрда өтөт
Быйылкы “Интервидение-2025” эл аралык музыкалык сынагы 20-сентябрда Москва шаарындагы Live Arena сахнасында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Массалык шоу форматындагы бул престиждүү иш-чарага жыйырмадан ашык мамлекеттин аткаруучулары катышат. Сынактын негизги максаты - жаңы таланттарды ачуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо.
Кыргызстандын атынан музыкалык таймашка “Жалгыз сага” ыры менен “Nomad” триосу катышат. Министрлик бул кадам кыргыз элинин музыкалык мурасын дүйнөлүк деңгээлде таанытуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Сынак Улуттук телеканалдан, ошондой эле “Музыка” жана “Маданият” телеканалдарынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.