super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Министр мамлекеттик ооруканаларга каржылык автономия берүү керектигин айтты

 

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик ооруканаларга каржылык автономия берүү керектигин билдирди.

Айтымында мындай демилге жакынкы жылдары ишке ашышы мүмкүн.

"Жаңы демилгелерди көтөрүп жатабыз. Бул - мамлекеттик ооруканаларга каржылык автоноимияны берүү.

Биз азыр социалисттик эмес, социалдык мамлекетпиз. Бул деген - пенсионерлерге, балдарга, майыптыгы бар жарандарга кам көрүү дегенди түшүндүрөт. Ал эми ишке жөндөмдүү жарандар, мамлекеттик кепилдик программасынан сырткары кошумча кызматтарга акы төлөшү керек,- дейт министр.

Ал арада депутат Элдар Абакиров медициналык кепилдик программасынан бюджетке канча каражат түшөрүнө жана канчасы сарпталарына кызыкты.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Санжарбек Исаевдин айтымында, камсыздандыруу боюнча элден 8 миллиард сомдой каражат чогулат.

Ал эми министр Чечейбаев бюджеттен медицина тармагына 45 миллиард сом бөлүнөрүн кошумчалады.

Каржылык автономия – мында мекеме финансылык башкарууну өзү көзөмөлдөй алат. Тактап айтканда, өз каражаттарынын эсебинен өз активдерин каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.






Саламаттык сактоо министри

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: