Очогу океанда... Камчаткада күчү дээрлик 6 баллга жеткен жер титирөө катталды
Камчатка жарым аралында 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгы маалымат таратты.
Жер силкинүү 13-сентябрда Тынч океан аймагында, Петропавловск-Камчатский шаарынан 50 чакырым алыстыкта, 50,3 чакырым тереңдикте орун алган.
Орусия Илимдер академиясынын геофизикалык кызматынын маалыматына караганда, зилзала аймактагы айрым райондордо 3–4 баллдык деңгээлде сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өлүмү же жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Эскерте кетсек, буга чейин эле аталган аймакта күчү 7 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган. Камчатка жарым аралы сейсмикалык жактан кооптуу зонада жайгашкан жана мындай кубулуштар бул аймак үчүн сейрек көрүнүш эмес.
