Парламент жетекчиси Тажикстанга расмий сапар менен жөнөп кетти
Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу расмий сапар менен Тажикстанга учуп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында төрага Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушууларды өткөрүп, эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулайт.
Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Мурадил Сыдыков, Пархат Тулендыбаев, Арсланбек Малиев, Бекмурза Эргешов, Чыңгыз Ажибаев жана Бактыяр Калпаев бар.
Белгилей кетсек, бул сапар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы белгиленип жаткан учурга туш келүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чек ара, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты да талкуулоо күтүлүүдө.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















