Нарын облусунун жашоочулары дем алуу органдарына тиешелүү ооруларга көп кабылышат
Нарын облустук медициналык маалымат борборунун жетекчиси Артисбек Жумабаевдин берген маалыматына ылайык, 2013-жылы облуста 145 866 бейтап катталган.
Нарын жергесинде 4 аймактык жана бир облустук оорукана иш алып барат. Эл арасында дем алуу органдары ооруп кайрылгандар саны боюнча биринчи орунда турат.
Дем алуу органдары ооруп кайрылгандар – 20 499, кан айлануу – 11 438, заара бөлүп чыгаруучу орган жана бөйрөк оорулары – 10 517 жана тери ооруларына чалдыккандардын саны 6 880 адамды түзгөн. 2013-жылы 1 159 өспүрүм дем алуу органындагы оору менен кайрылган.
Облус боюнча бир жыл ичинде 28 481 адам дарыланган. Дарыгерлердин каттоосунда 2 137 психикалык бейтаптар болсо, 2013-жылы дагы 125 адам каттоого алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

