Бийлик калкты этият болууга чакырууда... Индонезияда Семеру вулканы кайрадан атылды
Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында жайгашкан Семеру вулканы кайрадан активдешип, төрт ирет атылды. Бул тууралуу өлкөнүн вулканология кызматына таянуу менен жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Берилген маалыматка ылайык, күлдүн багыты түндүк тарапты көздөй жылып, кратердин үстүнөн 800 метрге, ал эми деңиз деңгээлинен 4 476 метрге чейин көтөрүлдү.
Индонезиянын Вулканология жана геологиялык кырсыктарды азайтуу борбору аймактагы тургундар менен туристтерди коопсуздук эрежелерин сактоого жана вулканга 3 чакырымдан жакын барбоого чакырды.
Буга чейин да Семеру вулканы бир күн ичинде сегиз жолу атылып, кооптуу абал жаралган. Вулкандын мынчалык активдешүүсү жергиликтүү элдин тынчсыздануусун жаратууда.
Семеру - Ява аралындагы эң бийик, Индонезиядагы эң кооптуу вулкандардын бири. Анын бийиктиги 3 676 метрди түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















