Бишкекте биринчи жолу Ага Хан атындагы архитектуралык сыйлык ыйгарылат

Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргызстанда биринчи жолу дүйнөлүк деңгээлдеги Ага Хан атындагы архитектуралык сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.
Иш-чара Кыргызстан жана Ага Хан фондунун тең төрагалыгы астында уюштурулуп, ага дүйнөнүн төрт бурчунан 150дөн ашуун архитекторлор, окумуштуулар жана расмий өкүлдөр катышууда.
Кечээ, 14-сентябрда, өлкөгө Ага Хан фондунун өкүлдөрү - ханзаада Рахим Ага Хан V, ханзаада Алы Мухаммад Ага Хан, ханзаада Хусейн Ага Хан жана ханбийке Фарин Ага Хан келишти.
Ардактуу меймандарды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Курулуш министрлигинин биринчи орун басары Самат Жантелиев жана Кыргызстандын Ага Хан фондундагы өкүлү Бакай Турдугулов тосуп алышты.
Ага Хан архитектуралык сыйлыгы - 1977-жылдан бери ыслам дүйнөсүндөгү архитектура, маданий мурас жана заманбап дизайн жаатындагы мыкты долбоорлорго ыйгарылып келет. Сыйлык ар ай сайын эмес, ар беш жыл сайын гана берилет жана дүйнөлүк архитектура тармагындагы эң кадыр-барктуу наамдардын бири болуп эсептелет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















