super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Криштиану Роналду Сауд Арабиясында "Алтын бутсаны" алды  

 

"Аль-Наср" клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду Сауд Арабия чемпиондугунун акыркы сезонунун бомбардири катары "Алтын бутса" сыйлыгын алды.

Престиждүү сыйлыкты тапшыруу аземи Сауд Арабиясынын Супер Лигасынын 2-турунда "Аль-Наср" менен "Аль-Холуд" командаларынын беттеши башталар алдында өттү.

Ага "Алтын бутсаны" "Аль-Насрдын" мурдагы капитаны жана клубдун тарыхындагы эң мыкты бомбардир Мажид Абдулла тапшырды. Муну менен Роналду экинчи жыл катары менен Сауд Арабия биринчилигинин мыкты бомбардирине айланды.

Сауд Арабия чемпиондугунун өткөн сезонунда Роналду 30 оюнга катышып, 25 гол киргизсе, 3 голдук пас берген. Ал "Аль-Насрда" 2023-жылдан бери ойноп келет. Чабуулчунун клуб менен келишими 2027-жылга чейин эсептелген.






Криштиану Роналду Сауд Арабияда "Алтын бутсаны" алды  

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: