super.kg logo

Трамп Путин менен Зеленскийдин жакын арадагы жолугушуусу мүмкүн экенин айтты

 

АКШ президенти Дональд Трамптын айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украина президенти Владимир Зеленский жакын арада жолугушушу мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык РИА Новости басылмасы жазды.

"Билбейм. Салыштырмалуу жакын арада. Бул маселени биз кандай жол менен болсо да чечебиз",- деген ал.

Трамп ошондой эле Путин менен Зеленский бири-бирин ушунчалык жек көрөрүн, бул аларга сүйлөшүүгө жол бербей жатканын белгилеп, ортодо диалогду өзү жүргүзүүгө туура келиши мүмкүн экенин айтты.

Мунун алдында Путин эгер Зеленский жолугушууга даяр болсо, Москвага келсе болорун билдирген. Украина лидери бул сунуштан баш тартып, ошол эле учурда "ар кандай форматта сүйлөшүүгө даярмын" деп карама-каршы билдирүү жасаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: