Үйлөрүнөн табылып... Бишкек, Чүйдө спирт ичимдиктерин өндүрүп келгендер аныкталды











Бишкектин жана Чүйдүн аймагынан жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүп келгендер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Министрлик аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (Спиртти жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү даректер аныкталганын белгиледи.
Бишкектеги Москва көчөсүндө 52 жаштагы кишиге таандык жашыруун цех табылган. Андагы даректен 20 литрден болгон 25 канистр, 460 бөтөлкөдөгү даяр продукция, аппараттар, чийки зат жана идиштер табылган.
32 жаштагы кишинин үйүнөн 20 куту (ар биринде 36 стаканчиктеги арак), 7 куту (ар биринде 25 даана 0,7 литр бөтөлкөдөгү арак), эки аппарат, көптөгөн бош бөтөлкөлөр жана акциздик маркалардын ар кандай түрлөрү табылган.
Чүйдүн Көк-Жар айылындагы 72 жаштагы кишинин үйүнөн да жашыруун цех табылган. Ал жактан 200 литр даярдоо аралашмасы менен 31 бочка, 7 бочкадагы 200 литр даяр болгон жасалма шарап, ингредиенттер жана өндүрүш үчүн жабдуулары алынган.
Бишкектеги Брестская көчөсүндөгү жарандын жашаган жеринен болсо, мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт ичимдиктерин куюга арналган 196 бош бөтөлкө табылган.
ИИМ жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн жасалма 10 тоннадан ашык алкоголдук продукция, спирт кошулган аралашмалар, колго жасалган аппараттар жана көп сандагы акциздик маркалар алынганын кошумчалады.
Бишкек, Чүйдө спирт ичимдиктерин өндүрүп келгендер аныкталды


