super.kg logo

Протездик-ортопедиялык мекеменин дарыгерлери жеринде текшерүү жүргүзүүдө

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин дарыгерлер бригадасы бекитилген графикке ылайык, жыл сайын республика боюнча көчмө кабыл алууларды жүргүзүп келет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул иш-чаралардын негизги максаты – протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого буйрутмаларды кабыл алуу жана жарандарга консультациялык жардам көрсөтүү. Бул практика менен бейтаптар борборго барбастан, өз аймактарында кесиптик кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Даярдалган буюмдар почта аркылуу бейтаптарга жеткирилет, бул өзгөчө алыскы аймактарда жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн кызматтарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат.
2024-жылы көчмө кабыл алуулар алкагында республика боюнча 1543 буйрутма кабыл алынган:
  • Нарын облусу – 454 жуп ортопедиялык бут кийим, 12 протез;
  • Ысык-Көл облусу – 688 жуп бут кийим, 18 протез;
  • Талас облусу – 360 жуп бут кийим, 11 протез.
2025-жылдын 8 айында дарыгерлер тарабынан 808 буюртма кабыл алынган:
  • Нарын облусу – 434 жуп ортопедиялык бут кийим, 13 протез;
  • Талас облусу – 350 жуп бут кийим, 11 протез.
  • Ысык-Көл облусунда иш пландуу түрдө улантылууда.
Мекеменин ишмердүүлүгү протездик-ортопедиялык жардамга муктаж жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган жана калкты социалдык колдоо системинде маанилүү роль ойнойт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: