Соода, өнөр жай борборлору.... "Аюнун" негиздөөчүсүнө таандык бир катар мүлктөр мамлекетке алынды











"Аю Холдингдин" негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго таандык бир катар ири объекттер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган компания тарабынан мамлекеттик органдарга жасалма каржылык отчёттор берилип келген. Ошондой эле компания милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында мүлктүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып койгон. Муну менен Абдыкеримовдун компаниясы кирешелерди мыйзамсыз адалдап келген.
УКМК натыйжада жалпы наркы 10 миллиард сомдон ашкан ири соода оюн-зоок борборлору, өнөр жай базалары жана коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Эске салсак, ал 2023-жылы 8-сентябрда сыртынан камакка алынган. Учурда Абдыкеримов кайда экени белгисиз.
"Аюнун" негиздөөчүсүнө таандык бир катар мүлктөр мамлекетке алынды

