Аба ырайы: Өлкө аймактарында жамгыр жаайт
Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 16-сентябрда өлкө аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17... +22, Талас жергесинде +16... +21, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +22... +27, Ысык-Көлдө +15... +20, Нарында +17... +22 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +20... +22 градуска жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.