super.kg logo

Зардалы айылына барчу жолдун курулуш иштери улантылууда

 
Транспорт министрлиги Баткен облусунун Зардалы айылына барчу Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолунун курулуш иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Аталган жолдун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 7,5 чакырымында жолду кеңейтүү жана тегиздөө иштери активдүү жүрүп жатат. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрө куруу пландалууда.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрында Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзүлөрүн билдирген.
Маалымат үчүн: Зардалы - Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактагы айылы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: