super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров Токмокто Ислам академиясын ачты

 

Бүгүн, 15-сентябрда Чүй облусунун Токмок шаарында Ислам академиясы ачылды. Ага президент Садыр Жапаров катышкандыгын басма сөз кызматы билдирди.

Ислам академиясы теология жана дин таануу багытында жогорку деңгээлдеги билим берүү системин өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана диний багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга багытталган алгачкы мамлекеттик жогорку диний окуу жайы катары мамлекет башчысынын жарлыгы менен түзүлгөн.

Кампустун аянты 2 гектарды түзөт, анын ичинде окуу корпусу, спорт зал жана жатакана бар. Академия 400 студентке ылайыкталган.

Академиянын өзгөчөлүгү – ал мамлекеттик бюджеттен каржыланып, өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатына шайкеш иш жүргүзүп, салттуу ислам дининин баалуулуктарын илимий негизде изилдөөнүн жана жайылтуунун кепилдиги болуп бермекчи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, академиянын негизги миссиясы – сапаттуу теологиялык билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жаштарды радикалдык агымдардан коргоо жана мамлекеттик билим берүү системасына шайкеш диний билим берүүнү камсыз кылуу. Ошондой эле бүгүнкү күндөгү ислам каржылоосунун актуалдуулугун эске алганда, академияда ислам финансылык системалары, ислам банкинги жана экономикалык долбоорлор боюнча билим берүү программалары да иштелип чыгат. Мындан тышкары, мектептерде окутулуп жаткан “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети жаш муундун диний сабаттуулугун жогорулатууга шарт түзөрүн белгиледи.

Бул контекстте мамлекет башчысы маанилүү милдеттерди белгилеп өттү:

1. Диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;

2. Илимий-изилдөө, методикалык, эксперттик жана аналитикалык иштерди жүргүзүү;

3. Жогорку квалификациялуу теолог-адистерди даярдоо;

4. Диний уюмдардын өкүлдөрүнүн мамлекет алдындагы милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткарышын камсыздоо сыяктуу милдеттер турат.

“Буга чейин жаштарыбыздын диний билимин тереңдетүүгө мынчалык шарттар түзүлгөн эмес. Эми минтип, салттуу исламды сапаттуу окута турган академиялык жогорку билим берүү жайы ачылып олтурат. Мындан ары илим издеп, чет өлкөлөп окуунун анчалык деле зарылчылыгы жок. Андыктан биздин келечегибиз болгон жаштарыбызды өзүбүздөн – дүйнөлүк стандарттарга жооп берген Ислам академиясынан билим алууга чакырат элем”,- деди президент.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын Заид бин Султан Аль-Нахайян фондуна, илимий чөйрөнүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө бул масштабдуу долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле академиянын бүтүрүүчүлөрү диний жана светтик илимдерди алдыга жылдырып, Кыргызстандын илимий жана билим берүү потенциалын чыңдап, улуттун сыймыгы болушат деген үмүтүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: