super.kg logo

Караколдо ири суммадагы акча опузалоого шектелгендер кармалышты (видео)

 

Каракол шаарында ири суммадагы акча опузалоого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда милицияга 38 жаштагы киши арыз менен кайрылып, эки жаран анын уулуна козголгон кылмыш ишин "жабууга жардам беребиз" деп коркутуп, ири суммадагы акча талап кылышкан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Атайын уюштурулган иштин жүрүшүндө 4-сентябрь күнү арыз ээси алардын 37 жаштагысына талап кылынган сумманын 30 миң сомун берген. Андан кийин тергөө иштеринин алкагында шектүүлөр 11-сентябрь күнү 125 миң сомду алып жатышканда колго түшүшкөн. Натыйжада Каракол шаарынын 37 жана 62 жаштагы тургундары камакка алынышкан

Ошондой эле шектүүлөрдүн жашаган даректеринде тинтүүлөр жүргүзүлүп, тергөө үчүн маанилүү документтер алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.






Караколдо ири суммадагы акча опузалоого шектелгендер кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: