Трамптын тарапташы Чарли Киркти өлтүрүүгө шектелген Робинсон күнөөсүн моюнга алган жок
АКШнын президенти Дональд Трамптын тарапташы болгон Чарли Кирктин өлтүрүлүшүнө шектелип жаткан Тайлер Робинсон күнөөсүн моюнга албай, тергөө менен кызматташуудан баш тартууда. Бул тууралуу Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс ABC News телеканалына билдирген.
"Бирок анын айланасындагы адамдар тергөө менен кызматташып жатышат", - деди Кокс. Анын айтымында, шектүү менен чогуу бир батирде жашаган жаран да иликтөөгө жардам берүүдө.
22 жаштагы Тайлер Робинсон учурда камакта. Ал өзүнүн үй-бүлө мүчөсүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде кармалган. Губернатор Кокстун айтымында, 16-сентябрда ага расмий айып коюлат.
Чарли Кирк 10-сентябрда өлтүрүлгөн. Ал Юта өрөөнүндөгү университетте студенттер алдында сүйлөп жаткан учурда ок жеген. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 21-сентябрда Аризона штатында өтөт. Иш-чарага АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп да катышары кабарланды.
