super.kg logo

Рустам Минниханов төртүнчү жолу Татарстандын башчысы болуп шайланды

 

Татарстандын учурдагы башчысы Рустам Минниханов шайлоодо 88,22 пайыз добуш алуу менен жеңишке жетишти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдордун 97,1 пайызы иштелип чыккандан кийин жарыялаганын чет лдик басылмалар жазышууда.

Миннихановдон башка үч талапкер да болгон. Алар Татарстан Мамлекеттик кеңешинин депутаты Хафиз Миргалимов (КПРФ), Орусиянын пенсионерлер партиясынан Виталий Смирнов жана ЛДПРдан Руслан Юсупов.

Минниханов учурда 68 жашта. Ал Татарстанды 2010-жылдан бери жетектеп келет жана буга чейин эки жолу - 2015 жана 2020-жылдары кайра шайланган. 2005–2010-жылдары республика өкмөтүнүн премьер-министри кызматын аркалаган.

Буга чейин Орусияда аймак башчылары эки ирет гана катарынан шайланууга укуктуу болчу, бирок бул чектөө 2021-жылы алып салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: