super.kg logo

Испаниянын премьер-министри: "Израил да спорттук мелдештерден четтетилиши керек"

 

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Газада адамзатка каршы кылмыш жасаган Израил да, Орусия сыяктуу, эл аралык спорттук мелдештерден четтетилиши керек деп билдирди.

Бул билдирүүнү Санчес Испаниянын белгилүү веложарышы La Vuelta‘нын 14-сентябрдагы финалдык этабында Израилге каршы тынчтык митингдеринен улам жарыш токтотулгандан кийин жасады. Ал митингдерде кээ бир күч колдонуу учурларын сындап, бирок тынч демонстрацияларды уюштурган испандыктарга сыймыктанганын айтты.

"Орусия Украинага кол салгандан кийин спорттук мелдештерден четтетилди, бирок Израил Газаны басып алгандан кийин эмне үчүн четтетилген жок", - деди ал.

Премьер-министр спорттук уюмдарды Израилдин эл аралык мелдештерге катышуусу этикалык жактан туурабы деген маселени карап чыгууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: