Жаңы асфальт, жаңы чиймелер. Бишкекте дагы бир көчө пайдаланууга берилди (видео)
Бүгүн, 15-сентябрда борбор калаада Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзгөн бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Аталган бөлүктө төмөнкү иштер аткарылды:
– эки катмар асфальт төшөлдү;
– жаңы жол белгилери орнотулду;
– жол чиймелери түшүрүлдү;
– жол четиндеги бордюрлар жаңыланды.
"Бул иштер шаардагы транспорт кыймылын жеңилдетүүгө жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Оңдолуп жаткан айрым көчөлөрдүн кесилиштеринде унаа тыгындарын азайтуу максатында кошумча тилкелер кошулган", - деп белгиленди маалыматта.
Бишкекте дагы бир көчө пайдаланууга берилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.