Бишкекте кийинки жума футзал боюнча Азия Кубогунун тандоо туру башталат
20–24-сентябрь күндөрү Бишкекте футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогуна тандап алуу оюндары өтөт. Бул тууралуу Футзал федерациясы кабарлады.
Маалым болгондой, чүчү кулак тартуунун жыйынтыгында тандап алуу турнири үчүн 8 тайпа түзүлдү. Кыргызстан улуттук футзал курама командасы "F" тайпасына туш келип, анда Өзбекстан, Чыгыш Тимор жана Палестина командалары менен беттешет.
Бардык оюндар Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинде өтөт. Кыргызстандын катышуусундагы беттештер саат 20:00дө башталат.
2026-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунун финалдык этабында 16 команда Индонезияда ойнойт:
-
8 тайпанын жеңүүчүлөрү,
-
Экинчи орунду алган эң мыкты 7 команда,
-
Турнирди өткөрүүчү өлкө (Индонезия).
Иран Азия Кубогунун учурдагы чемпиону. Футзал боюнча мурунку Азия Кубогу 2024-жылдын 17–28-апрель күндөрү Таиландда өткөн. Жалпы 16 команда катышкан. Финалда Иран Таиландды 4:1 эсебинде жеңип, 13-жолу чемпион болгон.
Бронза үчүн болгон оюнда Өзбекстан менен Тажикстан тең чыгып, пенальти сериясында Өзбекстан жеңишке жеткен.
