super.kg logo

Бейрутта Газаны колдоо иретинде массалык акциялар өттү

 

Ливандын борбору Бейрутта "Чек арасыз дарыгерлер" уюму Палестина Кызыл жарым ай уюму менен биргеликте Газа секторуна тилектештик акциясын өткөрдү. Бул гуманитардык абалдын кескин начарлашына байланыштуу уюштурулганын чет элдик басылмалар кабарлашууда.

Иш-чара Аль-Амин мечитинин жанындагы Падышалар аянтында өттү. Анда "Дарыгерлер геноцидди токтото албайт, бирок дүйнөлүк лидерлер токтото алат" деген ураандар чакырылды.

Катышуучулар палестин жана ливан желектерин, ошондой эле Израилдин кол салышына каршы плакаттарды көтөрүп чыгышты. Акцияда балдардын жана жөнөкөй тургундардын өлүмүнө жана инфраструктуранын кыйроосуна көңүл бурулду. Акцияга палестиналык жана ливандык коомдук ишмерлер, дарыгерлер жана илим, маданият өкүлдөрү катышты.

Палестин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Израилдин аскерий операциясынан улам каза тапкандардын саны 64 миң 905 адамга жетти, жаракат алгандар 164 миңден ашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: